Баш оона 22, 2025
Убакыт: 19:48
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Медиктердин дагы бир тобу Нарынга жөнөп кетишти

14.05.2020 14:16
1239
Медиктердин дагы бир тобу Нарынга жөнөп кетишти


Медициналык адистердин тобу Нарын облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, Нарын облусуна борбор калаадан 14-майда медициналык адистердин эсеп боюнча тогузунчу тобу жөнөп кетти. Ыктыярчы дарыгерлер тобуна үч акушер-гинеколог жана реаниматолог кирген.


Алар 10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтөт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук бириккен ооруканасына, ал эми реаниматолог менен операция жасоочу дарыгер, акушер-гинеколог Нарын облусундагы Ат-Башы районуна жөнөтүлгөн.


Ошондой эле маалыматта медкызматкерлер керектүү өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздалганы да айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн