Теке 27, 2024
Убакыт: 06:12
USD
EUR
RUB

Буга чейинки президенттерди жарга түрткөн адамдар азыр да сиздин айланаңызда резюме көтөрүп жүрөт. Акылбек Түмөнбаев Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

26.01.2022 11:48
1113
Буга чейинки президенттерди жарга түрткөн адамдар азыр да сиздин айланаңызда резюме көтөрүп жүрөт. Акылбек Түмөнбаев Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев борбордук трибунадан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.


Түмөнбаевдин айтымында, буга чейинки президенттерди жарга түрткөн адамдар азыр да президенттин айланасында резюме көтөрүп жүрөт.

Депутат Садыр Жапаровдун саясатын колдой турганын жана керек мезгилде сынга ала турганын билдирди.


"Биздин арабызда аял депутаттар бар. Кыргыз эли дайыма аялдарды кастарлап, аяп келген. Буга чейинки чакырылыш депутаттардын бир топ укуктарын жокко чыгарган.

Ага карабай парламенттин "Элдик тобунун" атынан сизге кайрылууну туура көрдүк. Аял депутаттарды унаа менен камсыз кылууңузду суранабыз",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн