Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата Кыргызстан балдарынын биринчи саммити өткөрүлөт. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.
⠀
Кыргызстандын
бардык бурчундагы балдар түз эфирде аларды ойлондурган темаларды талкуулап
жана өз пикирин билдирүү үчүн жолугушмакчы. Балдарды коргоо күнүнө арналган
саммитине вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана БУУнун Балдар фондунун
Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм катышышат.
“Саат 11:00де
саммит ЭлТР телеканалында түз алып көрсөтүлөт. Түштөн кийин саммитти: КТРК, Пирамида, 5 канал, Ынтымак ТВ, Ош ТВ,
Баткен ТВ, Жалал-Абад ТВ, Ысык-Көл ТВ, Нарын ТВ, СТВ каналдарынан көрсөңүздөр
болот. Кошулуңуздар! Ар бир
баланын добушу угулушу кажет”, - деп чакырды штаб.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн