Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:34
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бүгүн эвакуацияланган адамдар үйлөрүнө кайтат

28.01.2022 15:01
1008
Бүгүн  эвакуацияланган адамдар үйлөрүнө кайтат

Бүгүн кечке чейин  эвакуацияланган адамдар үйлөрүнө кайтат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен болгон сүйлөшүүдөн кийин билдирди.


"Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээки окуядан улам үйлөрүнөн качкан жарандарды кайра алып келүү тууралуу тапшырма берилди. Алар бүгүн кече чейин өз үйлөрүндө болуп калышы керек. Чек арага жакын алынып келген күч түзүмдөрүн кайра өздөрүнүн бөлүктөрүнө кайтаруу тууралуу чечим кабыл алынды. Чек арада бир гана Чек ара кызматынын жана коомдук тартипти сактоо үчүн милициянын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери гана калат",- деди Ташиев.


Белгилей кетсек, ӨКМ жана ИИМдин кызматкерлери чек арадагы абалга байланыштуу 24 миңдей жаранды коопсуз аймакка көчүргөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн