Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:22
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Бүгүн 83 жылга тете Кадыр түн

19.05.2020 12:23
1536
Бүгүн 83 жылга тете Кадыр түн

 

Бүгүн, 19-майдан 20-майга караган түнү Кадыр түн белгиленет. Бул түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түн. Жер жүзүндөгү миллиарддаган мусулмандар күтүшөт, анткени бул түн 1 жылда бир гана жолу келип, анын баалуулугу 83 жылга тете.


Мусулман адам Кадыр түнгө туш болуп, аны Аллах Таалага ибадат кылуу менен өткөрсө, ал 83 жыл бою ибадат кылгандай сооп табат.




Кадыр түн Курани Карим түшүрүлгөн түн


Касиеттүү Кадыр түндүн керемет өзгөчөлүктөрү менен соопторунун бир башаты — ушул түндө Курани Каримдин пайгамбарыбызга (САВ) түшүрүлө баштаганы. Курани Карим — Алаах Таала тарабынан адамзатка берилген түбөлүктүү керемет китеп. Курани Каримдин теңдешсиздиги, кереметтиги өксүбөстөн, убакыт өткөн сайын даана байкалып, кыяматка чейин уланат.



Диний аалым Чубак ажы Жалиловдун айтымында, ушул түнү Кадыр кечесин тосуп, ыйман келтиргендер, дуба кылып намаз окугандар 83 жыл 4 айлык соопко ээ болот. “Кадыр түн – ибаадаттын түнү, анда башка бир маселени айтып, маектешип же сүйлөшүп таң атыруу эмес. Кээ бирде Кадыр түн тособуз деп телеканалдарда ырдап, чоордоп жатышат. Бул Кадыр түн эмес. Ар бир жаран сооп үмүт кылып, Алла Тааладан күнөөлөрүнүн кечирилишин тилек кылышы шарт”, - деди ал.  


Кадыр кечесинин жашырылып сыр болуусунун себеби:

Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда анда жалкоо табияттар бүгүн Кадыр кечеси деп калган күндөрү түнкү ибадаттарды таштап салмак.

Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, кайсыл бир пенде кокусунан ал кечени тосо албай калса, калган түндөрү өкүнүп калмак.

Канча кече үмүт кылып Кадыр түн тоссо, ар бирине өз алдынча сооп алат.









Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн