Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:51
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бүгүн Арапа күнү, эл жыт чыгаруу ишаратын жасашат

23.04.2020 10:07
7278
Бүгүн Арапа күнү, эл жыт чыгаруу ишаратын жасашат


Бүгүн, 23-апрель - Улуу Рамазан айынын башталышына бир күн калгандагы Арапа күнү. Бул күнү жалпы мусулман калкы Орозо кармоого алдын ала даярдык көрүү ишаратын жасашат. Ага ылайык мусулмандар жамаат менен намаз окуу, мечиттерде коомдук сыйынууларды өткөрүшөт.


Кыргыз калкында дагы бул күн өзгөчө белгиленип, боорсок жасап, жыт чыгаруу, өлгөндөргө куран окутуу салты менен Улуу Орозо айын тосуп алышат.


Мусулман калкы бул Ыйык айда бардык каалоо-тилектер, дубалар орундалат деп ишеним артышат. Ошондой эле, ушул күндөрү бири-бирине жакшы тилектерди айтып, араздашып жүргөндөр кечиримдүүлүк, ырайымдуулук кылуулары шарт. Ыйык Орозо айы элге ынтымакты, биримдикти алып келип, өлкөнүн гүлдөп өсүшүнө өбөлгө түзөт. Орозо айы баарыбызды мээримдүүлүккө, боорукерликке, кайрымдуулукка үндөйт деп эсептешет мусулмандар.


Бирок бул жылы коронавирус инфекциясынын жайылгандыгына байланыштуу өлкөгө өзгөчө кырдаал жана абал режими киргизилген. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкөдө жамаат менен намаз окуу, мечиттерге чогулуп барууга убактылуу тыюу салды. Ошондой эле, Орозо айында таравих намаздарын үйдө окуу, ооз ачыруулар ар бир жарандын өз үйлөрүндө өткөрүү чечими кабыл алынды.


Белгилей кетсек, эртең, 24-апрелде Орозо айы башталат. 17-апрелде эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбасын пайдалануу менен жана коңшу Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнүн Дин башкармалыктары менен кеңешип, Орозонун биринчи күнү 24-апрелде баштала тургандыгы белгиленген жана 24-майда аяктайт.


Улуу Орозодо Жараткан Кыргызстандын жана жалпы дүйнө элинин тилегин кабыл кылып, оор кырдаалдан жеңил чыгарып кеткен болсун.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн