Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бүгүн Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталды

28.05.2024 09:40
131
Бүгүн Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталды


Бүгүн, 28-майда Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу бүгүндөн тарта Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды.

Ал эми Сүйөркулов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Сүйөркулов көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Байтик Баатыр көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми Иса Ахунбаев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн