Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бүгүн Бишкек ЖЭБинин кубаттуулугу акырындык менен көбөйтүлөт

19.02.2024 13:27
143
Бүгүн Бишкек ЖЭБинин кубаттуулугу акырындык менен көбөйтүлөт


Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБинин кубаттуулугу 277 мегаватты түзүүдө. Бул тууралуу ЖЭБдин басма сөз кызматы билдирди.


Сырттагы абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасына берилген ысык суунун температурасы орточо эсеп менен +52 градусту түзүүдө.


«Бөлмөдөгү температура «Бишкекжылуулуктармагы» менен абоненттердин келишими боюнча +18. Бүгүн саат 15.00гө карата ЖЭБдин активдүү кубаттуулугу 280 мегаватт, берилген суунун температурасы +54 болушу күтүлүүдө. Күндүз ЖЭБдин активдүү кубаттуулугу акырындык менен жогорулайт. Андыктан берилген ысык суунун температурасы дагы көтөрүлөт», - деп билдирди басма сөз кызматы.


Эгер бөлмөдөгү температура +18 градустан төмөн болсо, "Бишкекжылуулуктармагынын" колл-борборуна кайрылып, арыздарды калтырыңыз, анын негизинде жылуулук жана ысык сууга кайра эсептөө жүргүзүлөт.⠀


Кырсык болгон учурда же жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо боюнча суроолоруңуз болсо, төмөнкү телефон номерлерине жазыңыз жана чалыңыз:⠀

0312611169, 1980;

0557611166;

0777611166;

0701611166;⠀

диспетчердик кызмат: 568558.⠀

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн