Бишкек шаарында ооруп кайрылгандардын саны азайганына байланыштуу 4 күндүзгү стационар ишин токтотот. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 18-августта төмөнкү стационарлар жабылат:
- Жайыл Баатыр көчөсү, 66 – “Газпром” комплекси;
- “Чыгыш – 5” кичирайонундагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектеби;
- №68 мектеп-гимназиясы;
- №96 орто мектеп.
“Акыркы суткада 6 стационарга медициналык жардам алуу үчүн 150 тургун кайрылган. Жалпы 100 миңден ашык жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми шаардык поликлиникаларда жана кызыл аймактарда 2 ммң 247 медик кызмат өтөөдө”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн