Бугу 22, 2025
Убакыт: 22:50
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттеши өтөт

10.09.2024 13:05
1498
Бүгүн Бишкекте Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттеши өтөт


Бүгүн Бишкекте Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттеши өтөт.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат. Футбол талаасына кыргыз спортчулары ак, өзбекстандыктар көк түстөгү форма менен чыгат.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, 2026-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун үчүнчү раундунун алкагындагы мелдешти утурлай чоң шоу программа тартууланат. Балдар үчүн аниматорлордун коштоосунда интерактивдүү иш-чаралар жана көптөгөн оюн-зооктор уюштурулат. Күйөрмандар команданын расмий спорттук кийимдерин сатып алса да болот.

Учурда Кыргызстан – Өзбекстан беттешинин билеттеринин 90% сатылып бүткөнү айтылды. Калган билеттер kassir.kg сайтында сатылууда. Тыгын жана узун кезекти болтурбоо үчүн көрүүчүлөр стадионго эрте келүү керектиги белгиленди.

Борбор калаада оюн маалында коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөгө 3 миңдей милиция кызматкери тартылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн