18-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында вакансиялар жарманкеси өтөт. Иш-чара жумушсуз жарандарды, бүтүрүүчүлөрдү, студенттерди жана жаштарды ишке орноштурууга, кесипке багыт берүүгө жана кесипке үйрөтүүгө багытталган.
Ошондой эле экономиканын ар кандай тармактарына иш берүүчүлөр тарабынан кадрларды тартууга көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган. Курулуш, тейлөө, мейманкана, ресторан, жеңил өнөр жай, өндүрүш тармагындагы 70-тен ашык мекеме-ишканалар бош жумуш орундарын сунуштайт.
Ал эми Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы 2500дөн ашык Бишкек шаары боюнча жумуш орундарын сунуштайт. Мындан тышкары өлкөнүн региондорунан 1800гө жакын бош жумуш орундары сунушталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн