Теке 10, 2025
Убакыт: 16:59
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.118
1.135

Бүгүн Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлер жарандарга тапшырылат

10.07.2025 09:28
18
Бүгүн Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлер жарандарга тапшырылат


Бүгүн Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлер жарандарга тапшырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.


Бул ирет борбор калаадагы К.Молдобасанов көчөсүндө курулуп бүткөн турак жайлардагы батирлердин ачкычтары үй ээлерине берилет. Буга чейин бул даректе 3 көп кабаттуу 225 батирлүү турак жайдын курулушу 2025-жылдын жай айларында аяктай тургандыгы айтылган.


Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышары пландалган.


Бишкек шаарындагы Маликов көчөсүндөгү батирлер экинчи этап менен 3-кварталдын аягында берилет, ал эми Кустанай жана Волков көчөлөрүнүн кесилишиндеги батирлердин биринчи этабы 4-кварталда тапшырылат.


Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы турак жайлардан 1500 батир, Нарын шаарында жана Кочкор районунда 430 батир, Талас шаарынан 319 батир, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы турак жайлардан 1-этапта 420 батир берүү каралган.


Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтындагы маалыматка караганда, учурда өлкө боюнча 40 миң 411 жаран ипотекалык батир алуу үчүн кезекте турат. Буга дейре 9799 үй-бүлө турак жайлуу болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн