Бүгүн Бишкектин Жениш конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-февралда саат 9:00дөн 15:00гө чейин Жениш конушунда турак үйлөрдө, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Суу «Жениш» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды сурайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн