Бирдин айы 25, 2025
Убакыт: 12:17
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.980
1.020

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу болбойт

25.02.2025 09:18
25
Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу болбойт


Бүгүн, 25-февралда Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу болбойт.


Муниципалитеттен билдиришкендей, жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында 25-февралда саат 09:00дөн 16:00гө чейин Ахунбаев көчөсү 187 дарегиндеги турак үйдүн жер төлөлөрүндөгү эски түтүктөрдү пландуу алмаштыруу иштерине байланыштуу жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу өчүрүлөт.


Чектөө төмөнкү даректерге таасирин тийгизет:

Шота Руставели көч., 97, 99, 101;

Ахунбаев көч., 187, 187А, 189, 189а;

Жунусалиев көч., 72


Белгилей кетсек, оңдоо иштерин кыш мезгилинде да жүргүзүп келебиз, себеби жылуулук берилип жаткан мезгилде жасалуучу участоктор аныкталат.


«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн