Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчүрүлөт

04.04.2023 11:09
195
Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.


Маалыматка караганда, саат 9:00дөн 20:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү менен чектешкен аймактагы жайгашкан турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.


Суу «Белинский» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.


Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн