Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бүгүн Бишкектин эки борбордук көчөсү саат 16:00дөн тарта жабылат

16.06.2023 10:50
511
Бүгүн Бишкектин эки борбордук көчөсү саат 16:00дөн тарта жабылат


Бишкектин эки борбордук көчөсү бүгүн саат 16:00дөн тарта жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициясы кабарлады.


Борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Иран футболдук беттеши өтөт.


Оюндун концерттик программасы саат 20:00дө, ал эми футболдук беттеш андан бир саат өткөн соң, 21:00дө башталмакчы.


Жергиликтүү футболчулар борбор азиялык CAFA турниринин финалына чыгуу үчүн таймашат. Эгерде ирандык спортчуларга утулуп калса, коло медалдын ээси болот.


Саат 16:00дөн тарта төмөнкү көчөлөр жабылат:


Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;


Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдодон Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.


Футболдук таймаш учурунда коомдук тартиптин сакталышына эки миңге чукул милиционер көзөмөл кылат. Шаардык тартип сакчылар күйөрмандарды бейбаштык кылбоого жана стадионго тыюу салынган же кооптуу буюмдарды алып кирбөөгө чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн