Бүгүн Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы Ж.кызы А. изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, издеп-куткаруу иштерине ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылды. Буга кошумча анын жакындарынан 15 киши куткаруу иштерине чыгышты.
Эскерте кетсек, кечээ Кант шаарынын тургуну сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, издөө иштерине 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана 4 тууганы чыккан. Издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес. Кошумча малымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн