Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:20
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бүгүн Кыргызстан КМШнын төрагалык кызматына киришти

01.01.2023 19:54
590
Бүгүн Кыргызстан КМШнын төрагалык кызматына киришти


Бүгүн, 1-январда, Кыргызстан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин төрагалык кызматына киришти. Бул тууралуу маалымат КМШнын аткаруу комитетинин сайтына жарыяланды.

2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында өткөн КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен 2023-жылы шериктештикке төрагалык кылуу Кыргызстан тарабынан бир эле учурда мамлекет башчыларынын кеңешинде, өкмөт башчыларынын кеңешинде, тышкы иштер министрлер кеңешинде, Экономикалык кеңеште, Өкмөттүн ыйгарым укутуу өкүлдөрүнүн кеңешинде жүзөгө ашырылары белгиленген. Анда Казакстан менен Россия тең төрагалык кылары айтылган.

Аткаруу комитети Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Астанада өткөн КМШ саммитинде Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктуу милдеттерин жарыялаганын эске салды:

- кыргыз тарап төрагалык кылуу учурунда КМШга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы коңшулаштык жана ишенимдүү мамилелерди чыңдоого ар дайым чоң көңүл бурат;

- климат өзгөрүшү, экология жана жаратылышты коргоо маселелери туруктуу өнүгүү маселелери коопсуздук жана туруктуу өнүгүү суроолору менен бирге артыкчылыктуу маселелерден болот;

- КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда бир катар тармактарда: транспорт, коммуникациялар, миграция саясаты, маданий-гуманитардык кызматташтык, эл аралык демилгелерди жана мамлекеттер аралык программаларды ишке ашырууда өнөктөштүктү колдоого жана өнүктүрүүгө күч-аракеттерди багыттоого аракет кылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн