Бугу 07, 2024
Убакыт: 10:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бүгүн Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоо башталды

08.04.2024 10:28
403
Бүгүн Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоо башталды


Бүгүн Кыргызстанда 2024-2025-окуу жылына карата балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо башталды.

Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.

  • I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 2024-жылдын 8-апрелинен 2-июнуна чейин,
  • II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 2024-жылдын 3-июнунан 30-августуна чейин.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kgплатформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.

1-классына киргенде төмөнкү документтерди тапшырат:

– баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.

Электрондук каттоого байланышкан суроолор боюнча чалуу борборуна 110 (call-центр) кайрылуу керек. Чалуу акысыз.

Чалуу борбору 2024-жылдын 8-апрелинен баштап, 30-августка чейин иш күндөрү саат саат 9:00дон 18:00го чейин иштейт. Түшкү тыныгуу: 12:00-13:00.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн