Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 11:15
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Бүгүн Кыргызстанда абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу башталды

15.07.2024 13:19
227
Бүгүн Кыргызстанда абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу башталды


Бүгүн, 15-июлда Кыргызстанда 2024-2025-окуу жылына карата абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу жана каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, абитуриенттерди кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 5 тур менен өтөт:

I тур – 15–20-июль

  • сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо - 15-17-июль;
  • сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 17-июль саат 14:00;
  • окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 18-июль саат 10:00гө чейин;
  • абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 18-20-июль саат 16:00гө чейин.

"Абитуриент онлайн" сайты - https://2020.edu.gov.kg/vuz

ЖОЖдор жөнүндө маалымат - https://2020.edu.gov.kg/universities

Нускамага шилтеме:

кыргыз тилинде - https://www.youtube.com/watch?v=qtJ9tMgIPhM

орус тилинде - https://www.youtube.com/watch?v=9hWSJA7dGGM

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн