Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстан менен беттешет

27.09.2024 09:25
69
Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстан менен беттешет


Бүгүн 2025-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстан менен беттешет.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

Түркмөнстанга каршы оюндун алдында футбол күйөрмандары үчүн ырчылардын катышуусунда шоу-программа тартууланат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жаштар курама командасы I тайпада Мьянма, Түркмөнстан жана Япония командалары менен бирге жайгашкан. Турнирдин биринчи турунда кыргыз спортчулары 25-сентябрда Мьянманы 2-0 эсебинде жеңген.

Тандап алуу оюндарына жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн