Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 20:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бүгүн Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат

06.06.2024 10:35
280
Бүгүн Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат


Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 6-июнда башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирген.


"Транзиттик жолдор ачылууда. Буюрса 6-июнда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол курулушу башталганы турат", — деген министрлер кабинетинин башчысы.


Белгилей кетсек, бул темир жол курулушу боюнча көп жылдардан бери кеп болуп келе жатат. Бир катар маршруттар талкууланып, соңунда Торугарт — Арпа — Макмал — Жалал Абад аркылуу өтө турган вариантына токтолушкан. Темир жол курулса Кытай менен Борбор Азияны байланыштырып, Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорт каттамдарын ачат. Бул магистраль салынып калса Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланмакчы.


Буга чейин президент Садыр Жапаров аталган долбоор өлкөгө 25 миллиондон 50 миллион долларга чейин пайда алып келерин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн