Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу, “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматов билдирди.
Митингде 4 негизги талап айтылат.
Тынчтык митингинин талаптары:
1. Парламент таркасын.
2. Бюджеттен легитимсиз парламентти каржылоо токтотулсун.
3. Президент тез арада парламенттик шайлоону жарыяласын.
4. Конституциянын долбоору жаңы парламентте кеңири талкууланып, эл тандоосуна коюлсун;
Пикирлер (1)