Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бүгүн Курман айт майрамы

31.07.2020 08:20
1252
Бүгүн Курман айт майрамы

Бүгүн, 31-июль - Курман айт майрамы. Зул Хижжа айынын биринчи күнү 22-июлда болгондуктан 30-июль арапа күнү, 31-июль Курман айт майрамы деп белгиленген.


Бул майрамды утурлай Бишкек шаардык мусулмандар казыяты Борбордук мечитте бүгүн курмандык чалуу иш-чарасын өткөрөт. Мал союуну каалаган шаар тургундары казыятка кайрылып, казыят менен биргеликте Курмандык чалса болот. Союлган малдын эти муктаждарга таркатылып берилет.


Ал эми быйыл пандемия шартына байланыштуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жылгадый мечиттерде жана аянтта Айт намазы окулбай турганын билдирди. “Туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарыбызга дубаларыбызды багыштайлы”, - деп белгилейт Муфтият.


Алардын маалыматында, колунда бар бай эркекке да аялга да курмандык чалуу важиб, тактап айтканда милдет. Курмандык — бул тирүү жүрүү үчүн Кудай Таалага болгон шүгүр келтирүү, Ибрахим пайгамбардын мурасын тирилтүү, кетирген ката-кемчиликтерди Алла Таала кечирсин деп кылынган амал.


Кандай гана ибадат болбосун ниетке муктаж. Курмандык амалында да Кудай Таалынын өкүмүн аткарып жатам деген ниет болуусу зарыл.

Курмандык зул-хижжа айынын онунчу, он биринчи жана он экинчи күндөрү айт намазынан кийин чалынат. Курмандыкты курман айтка чейин алып даярдануу сооптуу иш. Биринчи күнү чалынганы артыгыраак. Түндөсү курмандык чалуу макрух.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн