Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 03:28
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бүгүн Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

31.10.2021 10:25
1913
Бүгүн Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт


Бүгүн, 31-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук Опера жана балет театрында Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан улуттук кино академиясынын мүчөсү, драматург Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Байжиев менен коштошуу зыйнаты саат 11:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Мар Байжиев 2021-жылдын 29-октябрында 86 жаш курагында дүйнө салды.

М.Байжиев 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусунда туулган. Ал коомчулукка драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру катары белгилүү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн