Бүгүн, 19-октябрда Министрлер кабинети Жогорку Кеңеште 3 маселе боюнча маалымат берет. Бул тууралуу Президенттин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.
Жогорку Кеңештин жыйынына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана министрлер катышат.
Абытов билдиргендей, Министрлер кабинети бүгүн кышка даярдык, эмгек миграциясы маселеси жана Баткен облусу боюнча маалымат берет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн