Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бүгүн Нарында президенттин кубогу үчүн көк бөрү оюндары башталды

25.08.2022 16:25
784
Бүгүн Нарында  президенттин кубогу үчүн көк бөрү оюндары башталды

Бүгүн, 25-августта Нарын районунун Эмгекчил айылындагы КР эгемендүүлүк күнүнө карата президенттин кубогуна арналган улуттук ат оюндары боюнча республикалык мелдеш салтанаттуу ачылды.


нарындагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, ат оюндарынын ачылыш аземи республиканын аймактарынан келген көкбөрүчүлөрдүн сапка тизилген салтанаттуу жүрүшү менен башталды.


Ачылыш аземде президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Спорттун улуттук турлөрү боюнча дирекциясынын башчысынын орун басары Раимбек Токтобаев, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, Нарын облустук "Көк бөрү" федерациясынын вице -президенти Русланбек Жумалиев куттуктап, оюндар ийгиликтүү өтүүсүн тилек кылышты. Ошондой эле ат майданына ысымы ыйгарылган Эмгекчил айылынын тургуну, саяпкер Оңолбек Мамытов ак батасын берди.


Оюнга республиканын бардык дубандарынан 19 команда катышууда. Байге фонду 3 млн сом.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн