Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бүгүн «Ош» эл аралык аэропортунан ажылыкка аттанган акыркы топ Мекке шаарына учуп кетти

21.06.2023 16:20
309
Бүгүн «Ош» эл аралык аэропортунан ажылыкка аттанган акыркы топ Мекке шаарына учуп кетти


Бүгүн «Ош» эл аралык аэропортунан ажылыкка аттанган акыркы топ Мекке шаарына учуп кетти. Бул тууралуу муфтият билдирет.

Маалыматка ылайык, бул рейсте муфтийдин биринчи орун басары, ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасы Самидин Атабаев, ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев баштаган убактылуу шатабдын кызматкерлери жана 60 ажы учуп кетти.

Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн