Бүгүн, 14-июлда Ош облусунун айрым аймактарында электр жарыгы
убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу
“Ош электр” ишканасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо
иштерине байланыштуу саат 09:00дөн саат 18:00гө чейин 5 районунда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Мекеме 2020-2021-жылдын
кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Алар:
- Араван районунун Анаров айыл өкмөтү;
- Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтү;
- Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтү;
- Алай районунун Үч-Дөбө, Сары-Могол, Алай, Нура, Сары-Таш айыл өкмөттөрү;
- Чоң-Алай районунун Кашка-Суу, Жекенди, Чоң-Алай айыл өкмөттөрү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн