Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:02
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Россиядан 188 кыргызстандык жаран кайтып келди

21.07.2020 12:19
1013
Россиядан 188 кыргызстандык жаран кайтып келди


Бүгүн, 21-июлда Екатеринбургдан Бишкекке «Авиатрафик» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 188 кыргызстандык, анын ичинде жаш балдар мекенине келишти.


ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул каттам менен Бишкекке Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Жаңы Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск жана Пермиден кайтууга өзгөчө муктаж болгон Кыргызстандын жарандары келишти. Алардын арасында ар кандай оорусу бар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, улгайган курактагылар, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле турмуштук оор кырдаалдагы жарандар бар. 


Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын, кыргыз диаспора уюмдарынын келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. 


Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн