Бүгүн, 4-июлда Стамбул-Бишкек багыты боюна 233 кыргызстандык келет. Бул тууралуу Түркиядагы Элчиликтен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Түркиянын Өкмөттөрү ортосунда жетишилген макулдашуунун натыйжасында, 4-июлунда саат 08.00дө Стамбул шаарынын Сабиха Гокчен атындагы эл аралык аэропортунан Стамбул-Бишкек багыты боюнча “Пегасус” авиакомпаниясынын чартердик рейси аткарылат.
Кайтып келген жарандар белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн