Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бүгүн Түркиядан Кыргыз жарандарынын дагы бир тобу учуп келет

24.04.2020 08:35
1091
Бүгүн Түркиядан Кыргыз жарандарынын дагы бир тобу учуп келет


Бүгүн, 24-апрелде "Стамбул-Бишкек" чартердик каттамы менен 345 жаран учуп келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлады.


Маалыматка ылайык, 20-23-апрель аралыгында 451 жаран мекенине кайтуу ниетин билдирип, учурда алардын 345и кетерин тастыктаган.


Ал эми, Стамбул аэропортуна Анкара, Анталья, Кастамону, Карабүк, Сакарья жана башка шаарлардан келген кыргызстандыктар билеттерин алып, учакты күтүп жатат. Ал эми Стамбулга жолдо да келе жаткандар бар экени айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн