Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:51
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Бүгүн “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын IV этабы башталды

03.10.2022 14:18
460
Бүгүн “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын IV этабы башталды


Бүгүн, 3-октябрда “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын IV этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сынакка буга чейинки баскычтардан ийгиликтүү өткөн 17 талапкер катышууда.

“Билим берүү тармагы абдан оор тармак. Бул тармакта жаңы нерсени өздөштүрүп, анын жемишин алууга 10-12 жыл кетет. Андыктан бардык катышуучулар сынактан жаңы тажрыйба, билим, идея аласыздар деп ишенем. Эң башкысы сынак ачык-айкын, адилеттүү өтүп, чыныгы кесипкөйлөр жеңишке жетишин каалайм”, - деп билдирди сынактын салтанаттуу ачылышында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Сынактын IV этабы 3-4-октябрь күндөрү №69 жалпы билим берүү орто мектебинде жана №182 бала бакчада өтөт. Анда педагогдор чеберчиликтерин жана көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн сабактарды өтүшөт. Мугалимдер үчүн мастер-класстар дагы уюштурулат.

Белгилей кетсек, республикалык сынактын жеңүүчүлөрү 5-октябрь күнү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында сыйланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн