Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бүгүн балбан Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадада таймашка чыгат

31.07.2021 10:12
766
Бүгүн балбан Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадада таймашка чыгат


Бүгүн, 31-июлда, кыргызстандык оор атлетика боюнча спортчу Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада-2020 мелдешинде таймашка чыгат. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги социалдык баракчасына темир билек балбандын Токиодон кыргызстандыктарга кайрылган видеосун жарыялады.


Анда ал Олимпиада оюндарына даярдык жакшы болгонун, кыргызстандыктардын ишеничин актоого аракет кыларын айткан.

"Даярдык жакшы болду. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине, Улуттук олимпиада комитетине, Оор атлетика федерациясына ыраазычылык айтам. Буюрса, Кыргызстандын элинин үмүтүн актап, медаль утам деген максатым бар. Таятам оор атлетчи болгон экен. Шартка жараша дүйнөлүк аренага чыга албаптыр. Мен анын үмүт-тилегин, жолун улап, бийик жетишкендиктерге жетүүгө умтулуп жатам", — деген ал.


Белгилей кетсек, эл аралык даражадагы спорт чебери Бекдөөлөт Расулбеков 31-июль күнү саат 16:50дө жарышка чыгат. Балбан 96 кг салмак категориясындагылар арасында "А" тайпада күч сынашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн