Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 17:48
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Бүгүн бир тарап жеңип, экинчи тарап жеңилген жок

11.01.2021 17:41
658
Бүгүн бир тарап жеңип, экинчи тарап жеңилген жок


Түшүнөм, эйфория менен “балп” этип салуудабыз. Ошентсе да,
“Жеңдик” дегендер, кимди жеңдиңер да, “жеңилдик” дегендер кимден жеңилдиңер? Келгиле, башкача ой жүгүртүп көрөбүз. Мисалы, мындай...
“Президенттик болсун!” деп чырылдагандардын да, “Парламенттик болсун!” деп чырылдагандардын да, “Баланча башкарсын!” дегендердин да, “Түкүнчө татыктуу!” дегендердин да ойлору ар кандай болгону менен, максаты, тилеги бир – Кыргызстандын өнүгүүсү. Өлкө жок болуп кетсин деген максат менен өз талапкерине жан тарткан кишини көрө элекмин. Өз чындыгын жеткирүүгө далалат кылган бардык тараптар жаркын келечекти каалап турат.
Бирибиз жеңилип, бирибиз жеңгидей, ал үчүн бири-бирибизди шылдыңдап, түрдүү аттарды коюп, басынткыдай биз бири-бирибизге душман эмеспиз. Тек, баарыбыз өнүгүүнү каалаган, бирок өнүгүүгө алып барар жолду ар кандай көргөн тилектештербиз. Бир коомбуз. Кыргыз коомубуз.
Андыктан, бүгүн бир тарап жеңилип, экинчи тарап жеңген жок. Бүгүн кыргыз коому өнүгүүгө карай алып барат деп эсептеген көп жолдун бирин тандап алды!
Эми урматтуулар, сөздүн ачыгы мындай.
Каалайбызбы, каалабайбызбы, жагабы, жакпайбы, түшүнгүбүз келбей миң чанабызбы, айтор, дүйнө менен эсептешип жашоого мажбурбуз. Биз жашаган доордун талабы ошондой. Ошентип, биз кайрадан дүйнө коомчулугунун назарындабыз. Дүйнөгө белгилүү Нью-Йорк Таймс басылмасы Кыргызстандагы шайлоо жөнүндө макаласын “Популист, түрмөчү, президент: Соттолгон мурдагы ууру президент болуп шайланды” деп атады
(https://www.nytimes.com/.../europe/kyrgyzstan-election.html). Кечээ мындай сөздөр катардагы бир талапкерге карата айтылып жаткан болсо, бүгүн ал эгемендүү мамлекеттин Президентине карата айтылып жатканын түшүнөлү.
Билген адамга биз укмуш бир кырда турабыз. “Эртеңден баштап өнүгө баштайбыз” деп айтууга да, “Эртеңден баштап диктатура башталат” деп айтууга да али эрте. Баары жаңы бийликтин алгачкы кадамдарынан көз каранды. Мына ошол кадамдардын туура багытка шилтенишине баарыбыз: “жеңгендер”, “жеңилгендер”, “балкончулар”, “НПОшниктер”, “батыштын агенттери”, “айылдыктар”, “динчилдер”, “теңирчилер”, “караңгылар”, “түркөйлөр”, “саткындар”, “эскичилдер”, “жаңылчылдар” жана башкалар биригип, өбөлгө түзөлү да, бири-бирибизге мына мындай күлкүлүү аттарды коюуну токтотолу...

Нурболот Азамат

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн