Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 08:49
USD
89.40
89.77
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Бүгүн филармонияда “Манас” эпосунун күнү белгиленди (фото)

04.12.2021 15:49
2229
Бүгүн филармонияда “Манас” эпосунун күнү белгиленди (фото)



Бүгүн, “Манас” эпосунун күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Иш- чара Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Даңк” медалынын ээси, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, Эл аралык Манас таануучулар ассоциясынын президенти, манасчы Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына арналды.


Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, манасчылар жана кеңири коомчулу катышты.


Бул майрамдык күнгө меймандар үчүн даярдалган “Манас” “Семетей”, “Сейтек” жана башка эпостордун жаңы чыккан китептеринин көргөзмөсү жана сүрөт көргөзмөсү сунушталды.  

Майрамдык маанай “Манас айтсак кулак бүтөт ташка дагы, Манасчылар өнөргө бай башка дагы” аталышындагы Кыргыз Мамлекеттик “Манас” театрынын кызматкерлери катышкан пролог көрсөтүлдү.


Иш- чаранын расмий бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ачып, дүйнө жүзүндө элдик ооз эки чыгармалардын эң көлөмдүүсү катары таанылган даңазалуу эпостун атагы алыска кетип, улуттун сыймыгына айлангандыгы тууралуу кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө, жалпы манас менен байланышы бар бардык тармактарды атап, анын ичинде «Манасты» жыйноо, сактоо, иликтөө, жарыялоо максаты менен эпосту эл оозунан жазып алуу иштерине катышкан Ч. Валиханов, М. Радлов, М. Ауэзов сындуу бир катар инсандардын эскерип өттү. Ошондой эле, министр Азамат Жаманкулов учурда мамлекет тарабынан “Манас” эпосун сактоо жана өнүктүрүү боюнча бир катар иштер жасалып жаткандыгын белгилеп, акыркы кезде “Манас жана Ч. Айтматов” академиясынын жана Кыргыз Мамлекеттик “Манас” театрынын ачылышы ага негиз болот деп баса белгиледи.


Ал эми, Мамлекети катчы Сүйүнбек Касмамбетов жалпы Кыргызстандыктары “Манас” эпосунун күнү менен куттуктап, өзү манасчынын уулу экенин сыймыктанаарына токтолуп, табият берген талантты багып, аны аздектеп сактоого чакырды. Улут өзүнүн өзгөчөлүгүн ушундай кайталангыс бай маданияты жана мурасы менен сыймыктана алат. Уучубуз куру эмес экенине күбө болдум. 3 жашар баладан тарта манас айтканын көрүп, баарыбыз кубанып, жүрөгүбүздү элжиреп турабыз. Манасты сактоого жана даңазалоого бардык аракеттерибизди бирге жумшайлы деп сөзүн жыйынтыктады Сүйүнбек Касмамбетов. 


Иш- чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин энчилүү сааттары жана ыраазычылк каттары манасчыларга тапшырылды.

Майрамдык салтанат манасчылар катышкан концерттик программа менен коштолду.


Иш чаранын соңуда залда отурган жаш муундун катышуусу менен жалпы манас айтылып жыйынтыкталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн