Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:33
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бүгүн канттык "Абдыш-Ата" клубу кытайлык Тайбэйдин "Тайчунг Футуро" клубуна каршы жооптук беттеш өткөрөт

13.03.2024 12:03
789
Бүгүн канттык "Абдыш-Ата" клубу кытайлык Тайбэйдин "Тайчунг Футуро" клубуна каршы жооптук беттеш өткөрөт


Канттык "Абдыш-Ата" клубу бүгүн АФК Кубогунун интерзоналдык финалында кытайлык Тайбэйдин "Тайчунг Футуро" клубуна каршы жооптук беттеш өткөрөт.

Беттеш Гаосюндун "Наньцзы" стадионунда орун алат. Башталышы саат 14:00.

Эске салсак, канттык клуб турнирдин тайпалык баскычын ийгиликтүү жыйынтыктап, плей-оффко чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болду. Интерзоналдык биринчи "Абдыш-Ата" – "Тайчунг Футуро" беттешинде, ата-мекендик клуб өз атаандашын 5-0 эсеби менен жеңген.

Белгилей кетсек, аталган жуптун жеңүүчүсү интерзоналдык финалга жолдомо алат. Жеңген клубдун потенциалдуу атаандаштары – «Одиша» (Индия) жана «Централ Кост Маринерс» (Австралия). Аталган командалар интерзоналдык жарым финал алкагында биринчи беттеш өткөрүп, анда 4-0 эсеби менен австралиялык клуб жеңип алган. Командалардын жооптук беттеши 14-мартта орун алат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн