Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:34
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бүгүн кечинде Бишкекте айрым троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат

12.04.2024 15:11
181
Бүгүн кечинде Бишкекте айрым троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат


Бишкекте 12-апрелде айрым троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. 

Ага ылайык, саат 19:00дөн тартып №11 жана №17 троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Мындан тышкары, №10 троллейбус каттамы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Кыймыл "Фрунзе" заводунан 8-кичи районуна чейин жүргүзүлөт.

Шаардык троллейбус каттамдарынын ишиндеги убактылуу өзгөрүүлөр "Асанбай" бурулуш акыркы пунктунда канализация иштерин жүргүзүү зарылчылыгынан улам келип чыккан.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 13-апрелинен тарта бардык троллейбустар линияга чыгып, кадимки режимде иштей баштайт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн