Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 19:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бүгүн кечке чейин ЖОЖдун жатаканаларында 750 орун, «Манас» аэропортунда 400 орун даяр болот

01.07.2020 16:44
1211
Бүгүн кечке чейин ЖОЖдун жатаканаларында 750 орун, «Манас» аэропортунда 400 орун даяр болот


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-июлда өлкөнүн премьер-министри Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы Республикалык штаб, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бишкек мэриясы, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Анын маалыматы боюнча, бүгүн кечке чейин бир катар окуу жайлардын жатаканаларынын базасында 750 койко-орун жана «Манас» аэропортунан 400 кошумча койко-орун даяр болот.

Ыкчам медициналык жардам кызматтарынын ишмердигинин потенциалын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатат. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги маселеси медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттерин жана ординатурада окугандарды мобилизациялоо аркылуу чечилип жатат.

Ал калкка медициналык кеп-кеңеш берүү бөлүгүндө «118 түз байланыш» кызматынын ишмердиги күчөтүлгөндүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге премьер-министр, пандемияга карабастан, мамлекеттин бардык социалдык милдеттемелери аткарылып, анын ичинде социалдык төлөмдөр жана айлык акылар өз маалында төлөнөөрүнө ишендирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн