Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:21
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бүгүн кыргыз-казак өткөрүү пункттарындагы абал кандай? Чек ара кызматынын жообу

23.08.2023 14:59
296
Бүгүн кыргыз-казак өткөрүү пункттарындагы абал кандай? Чек ара кызматынын жообу


УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы 23-августка карата "Ак-Тилек-автодорожный" жана "Кең-Булуң-автодорожный" өткөрүү пункттарынын алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталганын билдирди.


Саат 13:00гө карата Кыргызстандан чыгуу үчүн «Ак-Тилек-автодорожный» постунун алдында 493, ал эми «Кең-Булуң-автодорожный» постунун алдында 146 унаа кезекте турат. Кыргызстандан Казакстанга кечээ 112 унаа кирген.


Белгилей кетсек, КР УКМКнын Чек ара кызматы чектөө киргизген жок, өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Бул боюнча Казакстандын бийлиги баңгизатка каршы операция өткөргөнүн айткан.


Чүй облусунун аймагындагы “Ак-Тилек-автодорожный” постунун алдындагы жүк ташуучу унаалар топтолгон жерге жардам пункттары уюштурлган. Алар айдоочуларга жана жүк ташуучуларга керектүү жардамдарды беришет: медициналык, психологиялык, консультациялык жана башка, ошондой эле ысык тамак менен камсыз кылышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн