Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт-автожол” бекети эки саатка ишин токтотот.
УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын жаңыртууга байланыштуу бүгүн, 21-ноябрда саат 15:30дан 17:30га чейин “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрүү бекетинде адамдарды, унаа жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн