Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:18
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бүгүн көчмө урна менен 20 миңге жакын адам добуш берет

10.04.2021 12:41
839
Бүгүн көчмө урна менен 20 миңге жакын адам добуш берет

Борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча 2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда көчмө урна менен добуш берүү үчүн 19298 арыз түшкөн.


Алар бүгүн, таңкы саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин добуш беришет.


Көчмө урна менен добуш берүү алдын ала арыздын негизинде, төмөндөгү жарандар, шайлоого бир күн калганнда уюштурулат.


- шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар;

- добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар;

- алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар.


Ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечим боюнча төмөнкү шайлоочулар өздөрүнүн жайгашкан жери боюнча добуш беришет:


- калктуу конуштардан алыс обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;

- шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери;

- тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген иштин үзгүлтүксүз цикли менен ишканаларда иштеген шайлоочулар;

- вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар;

- өзүнүн жайгашкан жери боюнча убактылуу турган жери боюнча шайлоо участкасынын аймагында туруктуу жашаган, үй камагында турган референдумдун катышуучулары.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн