Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:07
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бүгүн көпчүлүк аймактарда мектептер салттуу режимде иштей баштады

12.01.2021 13:47
492
Бүгүн көпчүлүк аймактарда мектептер салттуу режимде иштей баштады

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, III чейректи өлкөдөгү 1915 мектеп салттуу уланта баштады. Министрликтин басма сөз катчысы Илгиз Султанов билдирди.

Аймактардагы мектептер жергиликтүү бийликтин жана санитардык-эпидемиологиялык мекемелердин макулдугу менен, аймактагы кырдаалга карап, салттуу окутууну жандантышына уруксат берилген.


«Бирок мектептер Билим берүү жана илим министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги чогуу түзгөн алгоритмдин негизинде, санитардык талаптарды жара балдардын аралыгын сактоо менен окутууга тийиш», - деди Султанов.


12-январдан тартып Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарында айрым мектептер балдарды салттуу окутууну улантышты.


Баткен облусунда 237 мектеп коронавирус пандемиясынан кийин ишин жандантты. Аймакта 12-январдан тартып балдар окуусун мектептен улантышууда. Облустук санитардык-эпидемиологиялык станциянын (СЭС) жана аймактагы коронавирустун алдын алуу боюнча штабдын, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн, аймактык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында ушундай чечим кабыл алынды.


Жергиликтүү бийликтин жана СЭСтин ушундай эле чечими менен Жалал-Абад облусунда 475 мектептин 425и 12-январдан баштап балдарды кабыл алууда. Жалал-Абад облустук усулдук борборунун жетекчиси Акылбек Токтосунов «Азаттыкка» дагы 50 мектеп 13-январдан тартып ишке киришерин билдирди.


Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Элчибек Жантаев «Азаттыкка» аймактагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен мектептерди ачуу боюнча чечим кабыл алынганын, 12-январдан тартып облустагы 191 мектеп толук ишке киришкенин маалымдады.


Нарын облусунун бардык 142 мектебинде 11-январдан баштап 5-9-11-класстар кадимки шартта, калган класстар мурдагыдай эле аралыктан окутула баштады. Ал эми 1-класстын окуучулары үчүн кышкы каникул күндун суугуна байланыштуу Кочкор, Жумгал райондорунан сырткаркы аймактарда 18-январга чейин узартылган. Облус жетекчилиги эпидемиологиялык абал туруктуу болсо 25-январдан баштап бардык класстар кадимки шартта окуусун улантарын кабарлоодо.


Ош облусундагы 534 мектептин ишин 20-январга чейин жандантуу маселеси бүгүн, 12-январда коронавируска каршы облустук штабдын жыйынында каралууда.

Булак: Азаттык үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн