Бүгүн, 8-июлда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 28…33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 33…35 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн