Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бүгүн манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетов эскерилди

19.01.2022 12:09
751
Бүгүн манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетов эскерилди

Залкар манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетов эскерилди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.


Бүгүн, 19-январь улуу манасчылардын жолун жолдогон залкар манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетов дүйнө салган күн.

“Ала - Арча” көрүстөнүндө аны эскерүүгө Сапарбек Касмамбетовдун үй- бүлөөсү, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана маданият өкүлдөрү катышып, куран окулду.


Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы Корумду айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштык кези Корумдуда өтүп, кийин Балыкчы шаарында эмгек жолу башталып, билим берүү тармагында эмгектенди. Маданий агартуу тармагында жарым кылымдан ашуун эмгектенип элибиздин руханий дүйнөсүнө өзгөчө салым кошту. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында чыгармачылыгы таанылып, элдик ыр күүлөрдү, дастандарды жайылтуучулардын бири болду. 1992-жылы өткөрүлгөн республикалык төкмө акындардын биринчи айтышынан тартып акындык өнөрдү алдыга сүрөп, жол баштап, шакирттерди өстүрүп чыкты. 


 Сапарбек Касмамбетов кыргыз журтуна залкар манасчы катары таанылып, эл алдында улуу Манас дастанын күн-түнү айтып, өзүнүн манасчылык өнөрдөгү өзгөчөлүгү, айтуу ыкмасы, образы менен айрымаланып, элдин оозунда бийик баага арзыды. Сапарбек Касмамбетов жазуучу жана акын катары да кеңири таанымал. Кыргыз улуттук адабиятында «Бала Манас баяны», «Аккула» эпикалык чыгармалары нукура адабиятыбыздын асыл берметтеринин бири болуп калды. Андан сырткары акындын «Асыл эне», «Балыкчы баяны», «Бала кыялы» чыгармалары китеп окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө айланып, мектеп программасына да киргизилген.

 

Залкар манасчы Сапарбек Касмамбетовдун «Манас» эпосунун окуялары англис тилине которулуп, Улуу Британияда жарык көрдү. Анын айтуусундагы «Манасты» Англиялык эпос адистери «феноменалдык көрүнүш» катары баалап, Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институту тарабынан даярдалып жарык көргөн. Аталган китепке Сапарбек Касмамбетовдун айтуусундагы «Манас» эпосу CD диск түрүндө жазылып кошо тиркелген. Залкар манасчы «Манас» эпосун эл аралык деңгээлге көтөрүп, көптөгөн чет өлкөлөрдө айтып келди. Ал Шотландияда «Манас» эпосун 20 саат бою тынымсыз айтып өзгөчө баага арзыган. Шотландияда Сапарбек Касмамбетовдун айтуусундагы «Манасты» үч томдук китеп кылып басып чыгарды. Анын бет ачары Лондондо жана көптөгөн Европанын шаарларында өттү.

 

Анын манасчылык, төкмөлүк өнөрү жогору бааланып «Даңк» медалы, «Манас 1000» мааракелик медалы менен сыйланган, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн