Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бүгүн парламентте Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына карата маарекелик иш-чара өттү

14.09.2023 14:48
267
Бүгүн парламентте Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына карата маарекелик иш-чара өттү


Бүгүн парламентте белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйындарынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына карата маарекелик иш-чара өттү.

Жыйынга төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле Абдыганы Эркебаевдин замандаштары катышты.

Алгач Төрага Нурланбек Шакиев парламентте улуу инсандардын маарекелик иш-чараларын уюштуруу салтка айланганын белгилеп, мындай саамалыкты дагы да улантуу керектигин кошумчалады.

“Мен Абдыганы Эркебаевичти тажрыйбалуу саясатчы, улуу окумуштуу, чыгаан публицист жана сынчы катары эле тааныбай, акылы тунук, адамгерчилиги бийик, калыс инсан катары билем. Журналист катары алгачкы интервьюну ушул кишиден алгам”, – деген Төрага эгемендүү кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөндөрдүн катарында Абдыганы Эркебаев бар экенин эске салды.

Муну менен катар парламентаризмдин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошконун айткан Нурланбек Шакиев: “Абдыганы Эркебаевич кандай кырдаал болбосун өзүн майда-барат нерселерден бийик кармап, дайыма акыйкаттыкты жана калыстыкты туу туткан. Парламенттеги Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйындарын жетектеп, ири реформалардын башында турган”, – деди.

Ошондой эле Абдыганы Эркебаевдин илимий багыттагы табылгаларын, чыгармачылык жааттагы жетишкендиктерин сөз кылган Төрага улуу инсандын баскан жолу көпчүлүккө үлгү экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн