Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңештин жыйыны болот. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жыйында алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери каралат. Мындан сырткары Улуттук коопсуздугунун концепциясы каралат.
Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катышат:
Төраганын орун басары Таалатбек Масадыков;
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;
Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров;
Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов;
Башкы прокурору Курманкул Зулушев;
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары —Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев;
Ички иштер министри Улан Ниязбеков;
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.
Ошондой эле, жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өлкө президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана башкалар катышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн