Баш оона 22, 2025
Убакыт: 13:12
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Бүгүн "Ак-Жол" өткөрмө бекети убактылуу жабылат

01.09.2022 10:16
910
Бүгүн "Ак-Жол" өткөрмө бекети убактылуу жабылат

Бүгүн, 1-сентябрда, саат 15:00дөн 18:00гө чейин кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пункту жабыларын УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, бул аралыкта тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү тутумунун техникалык базасын жаңыртуу иш-чаралары жүргүзүлөт.

"Жогоруда көрсөтүлгөн убакытта чек арадан адамдар дагы, транспорт дагы өтө албайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында башка өткөрүү пунктулары штаттык режимде иштеп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн