Бугу 22, 2024
Убакыт: 05:39
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Бишкекте троллейбус айдоочуларынын жарымы каттамга чыкпай, жарымы аялдамаларга токтобой бош эле айланып жүрөт

11.08.2023 16:22
445
Бишкекте троллейбус айдоочуларынын жарымы каттамга чыкпай, жарымы аялдамаларга токтобой бош эле айланып жүрөт


Борбор калаада троллейбус айдоочулары маянаны көбөйтүү талабы менен иш таштады. Маалыматты Бишкек троллейбус башкармалыгы тастыктады.


Троллейбус айдап иштегендер кечээ, 10-августта акцияга чыгып, эгер маянаны көтөрбөсө жумуштан кетишерин билдиришкен. Алар орто эсеп менен 22 миң сом маяна алат. Бул акча эч нерсеге жетпей жатканына нааразы болгон айдоочулар айлыгын 70 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Кечээ Троллейбус башкармалыгы 50 миң сомго чейин жогорулатууга даярдыгын билдирген. Кээ бир айдоочулар бул дагы аз экенин айтып, иштен кетүүгө камынып калышкан.


Башкармалык августтан тарта маяна расмий түрдө 50 миң сом болорун, бирок салык жана Соцфондго чегерүүдөн кийин жумушчулардын колуна 40 миң тиерин кабарлады. Бирок айдоочулар макул болбой, бүгүн да акция уюштурган. Жарымы такыр эле каттамга чыкпай койсо, жарымы аялдамаларга токтобой бош эле айланып жүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн