Бүгүн Лебединовка айылында түнкү саат 2лер чамасында белгисиз адамдар үйлөнүү максатында кызды уурдап кетишкен. Бул тууралуу Аламүдүн райондук милициясы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга жабырлануучунун сиңдиси кайрылган.
"Белгисиз адамдар К.И. аттуу кызды "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унаага салып ала качкан. Алар кайсы багытта кеткени белгисиз. Милиция ыкчам түрдө алардын артынан түшкөн",- деп билдирди милициядан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн